Бүгүн, 8-апрелде Кытай өкмөтү коронавирус чыккан Ухан шаарындагы карантинди алды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, аталган шаарда карантин 76 күнгө созулду.
Ухандыктар акырындык менен мурунку турмуш образына кайтып жатканы жазылат маалыматта. Өзгөчө никесин каттатуу боюнча арыз жазгандар өтө көп болгон.
"Кытайда адамдардын баш кошконун каттаган атайын Alipay программасынын өкүлдөрү программага киргендердин саны өтө көп болгондуктан араң иш жүргүзгөнүн айтышкан. Бул арада техникалык мүчүлүштүктөр да орун алган. Систем ишин токтотуп туруп калбаганы менен абдан жай иштей баштаган. Бүгүн бул программаны карантинге чейин январь айындагы бир күндө колдонгондорго караганда 3 эсе көп киши колдонду", - деп жазылат маалыматта.
3-апрелде Уханда никени каттоо кызматындагы эрежелерге толуктоолор киргизилген. Ага ылайык, каттоого арыз бериш үчүн жаранда саламаттыгы чың экендиги тууралуу аныктамасы болушу керек.
Бул шаарда жалпысынан 11 миллиондой калк жашайт.