Бүгүн, 7-июнда өлкөгө 402 жүргүнчү Орусиядан учуп келет. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
7-июнда Москвадан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 402 жүргүнчү учуп кетти. Мындан сырткары 9 Орусиянын жараны киргизилди. Бул каттам менен 176 кош бойлуу аял, 86 балалуу айым, 34 оорукчан, 25 улгайган жаран, 34 хостелдердеги аял, ошондой эле 8 жакындарын жоготкон жарандар жөнөтүлдү. Бардык кош бойлуу аялдар жана оорукчандар оорусу жана кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалымкат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.
Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору турган "бизнес-класс" багытынан орун алган 30 жаран жөнөтүлдү.
"Бүгүнкү күнү элчиликке мекенине кайтуу өтүнүчү менен 5 миңден ашык арыз келип түштү. Тилекке каршы, бардык каалоочуларды дароо жөнөтүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан, мекендештерди сабырдуулукка чакырабыз. Өлкөгө кайтууну каалаган жарандардын тынчсыздануусун тең бөлүшүү менен, элчиликтин алдындагы штаб ушул жылдын июнь-июль айлары ичинде өлкөгө чартердик каттамдардын уюштуруларын да маалымдайт.
Мекенге кайтуу тууралуу ар кандай ушактарга ишенбөөнү жана ар кыл мүнөздөгү чындыкка дал келбеген маалыматтарга алдырбоону, ошону менен бирге мамлекеттик булактарда гана жарыяланган, такталган маалыматтарды жетекчиликке алууну өтүнөбүз", - деп кайрылышат элчиликтен.