"Ухан вирусу": Бразилия коронавируска кабылгандар боюнча картадагы статистикалык маалыматка чектөө киргизди

8-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 6 миллион 985 миң 274кө жетти. Алардын арасынан 3 миллион 133 миң 664 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 402 миң 120 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 938 миң 931 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 506 миң 367 адам сакайып, 110 миң 481 бейтап каза болду.

Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен ооругандардын саны бир сутка мурдагы көрсөткүч бойдон калууда. Аталган өлкө коронавирус тууралуу картадагы статистикалык маалыматка чектөө киргизди. (Ооругандардын жалпы саны 672 миң 846га жеткен. Андан 277 миң 149 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы 35 миң 930 адам каза болду).

Орусияда 467 миң 73 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 226 миң 272, көз жумгандар - 5 миң 851.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан