20-марттан баштап Бишкек жана Ош шаарларына кирүүчү жана аталган шаарлардан чыгуучу бардык эл аралык аба каттамдары токтотулат. Мындай чечим коронавирустун алдын алуу жана анын өлкө аймагына жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды.
Бирок жүргүнчү жана жүк ташыган айрым каттамдарга чектөө киргизилбейт. Алар:
Москва-Бишкек – аптасына бир жолу;
Москва-Ош – аптасына бир жолу;
Новосибирск-Бишкек – аптасына бир жолу учуп турмакчы.
Республикалык штаб мындай чечим өлкө аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу үчүн кабыл алынганын жана убактылуу экенин эскертет.