Кытайда акыркы бир сутка ичинде 4 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталса, 9 бейтап айыгып чыкты. Ал эми сутка ичинде каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган төрт адамдын бардыгы сырттан келгендер. Алардын ичинен үчөө Сычуань провинциясында катталса, бирөө Шанхай шаарында аныкталган. Ал эми дагы бир адам коронавируска шектелип, ооруканага жаткырылды.
Муну менен Кытайда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 84 миң 191 адамды түздү. Бул илдеттен каза болгондор 4 миң 638 болсо, 79 миң 434 бейтап айыгып чыкты.