Бүгүн, 12-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аталган аймактардагы абал тууралуу маалымат жыйын берди.
Суроо: Социалдык тармактарда Испаниядан келген жигит апасына коронавирус жуктуруп, апасы каза болгон делген маалымат канчалык деңгээлде чын?
Комендант: Ал жаран ЖОЖдордун биринде иштейт. Ал Испанияга иш сапары менен барган. Апасы көз жумганы чын. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал адамдар менен катнашта болгон кишилер да текшерүүгө алынган . Эгерде ооруну жаап-жашырганы аныкталса, ал жаран айыгып чыккандан кийин мыйзам алдында жооп берет.
Суроо: Обсервацияда жаткан адамдарды караган кызматкерлер үйлөрүнө барып үй-бүлөөсүнө илдет жуктурбайбы?
Комендант: Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тест тапшырышты. Алар үйдө дагы карантиндин эрежелерин сакташ керек. Тапшырган тесттердин жыйынтыктары терс чыккан.
Суроо: Ош облусунун координатору, ооруган дарыгерлер үчүн жооп бериши керек. Обсервацияда кармоонун шарттары жаман болгондуктан да оору тарап жатат деп ойлойм.
Комендант: Ашууда ат алмаштырбайт. Кандай гана кемчиликтер кетпесин убактысы келгенде жооп беребиз. Ар бир ишке баа берилет. Азыркы биздин биринчи максат илдетти жеңүү.
Суроо: Пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ун берилеби?
Комендант: Албетте, муктаж адамдардын баарына жардам бергенге аракет кылып жатабыз.
Негизинен коменданттык саат кирген аймактарда абал туруктуу. Өткөн суткада коменданттык саат убагында 20:00дөн 07:00гө чейин тартип бузган 5 жаран кармалып, протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.