Бүгүн, 10-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 106 миллион 880 миң 652 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 59 миллион 709 миң 992 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 339 миң 991 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 27 миллион 189 миң 188 болду. 468 миң 103 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 838 миң 194 адамдан аныкталды. 155 миң 158 адам каза болсо, 10 миллион 847 миң 304 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.