Жаңы Зеландия өлкөсү дүйнөдө биринчилерден болуп коронавирус инфекциясынын айынан киргизилген чектөөлөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жаңы Зеландияда киргизилген бардык чектөөлөр шейшемби күнү кечинде жокко чыгарылат. Өлкөнүн жашоочулары кайрадан каалаган көлөмдөгү иш-чараларды өткөрүп, транспорттун бардык түрүн колдонушат жана өлкө боюнча саякаттай алышат. Ошол эле учурда бардык ишканаларга иштөөгө уруксат берилет. Ал эми чек ара азырынча ачылбайт.
Премьер-министрдин айтымында, коронавирус инфекциясы өлкөдө кайра катталышы мүмкүн. Бирок азыркы учурда өкмөт экономиканы калыбына келтирүү максатын көздөйт.
Акыркы маалыматтар боюнча, Жаңы Зеландияда жалпы 1 миң 504 адамдан коронавирус аныкталды. 22 бейтап каза болсо, калганынын бардыгы айыгып чыкты.