Канадада COVID-19дун экинчи толкуну башталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдо билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, коронавирустун экинчи толкуну 4 чоң провинцияда болуп жатат.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Канадада COVID-19 илдети 149 миң 939 адамдан аныкталган. 129 миң 850 бейтап аталган илдеттен сакайып, ооруканадан чыкса, тилекке каршы, 9 миң 294 адам каза болгон.