Чектөө иш-чараларын (карантинди) этабы менен алып салуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн объекттеринин ишин калыбына келтирүү максатында 8-июндан баштап төмөнкү мелдештерге даярдыктын алкагында Кыргыз Республикасынын футболдук клубдарына окуу-машыгуу сабактарын өткөрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча төмөнкү мелдештерге даярдыктын алкагында футболдук клубдарга уруксат берилет.
Ал эми, кыргыз футболдук союзуна төмөнкү эрежелер сунушталат:
Окуу-машыгуу сабактарын башталышынын алдында футбол боюнча клубдарынын оюнчуларын медициналык текшерүүдөн өткөрүү;
Графикке ылайык санитардык ченемдерди жана эрежелерди, гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын сакталышы өзгөчө контролго алуу;
Спортчулардын дене табын контактсыз көзөмөл жүргүзүү тартибин уюштурууну камсыз кылуу.