АФК Кубогу 2020: "Дордой" футболдук клубунун катышуусундагы бардык оюндар күзүндө өтөт

АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунун алкагында "D" тайпасындагы бардык оюндарды күз айларында өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу КПЛ (Кыргыз Премьер-Лигасы) АФКга таянып жазып чыкты.

"Ушул аптада АФК улуттук федерациялар жана кесиптик футбол лигалары менен онлайн жолугушууларды өткөрөт. Анда тараптар АФК Кубогунун жана Азия Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын так датасын талкуулашат. Беттештер сентябрь айынан кийин өтөрү белгилүү болду”, - деп жазылган маалыматта.

Маалыматка ылайык, АФК жана ага мүчө болгон 47 өлкө клубдук мелдештерди 2020-жылы аяктоого даяр экендигин белгилешкен.

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону болгон бишкектик "Дордой" футболдук клубу АФК Кубогунда түркмөнстандык "Алтын-Асыр" жана тажикстандык "Истиклол", "Худжанд" командалары менен "D" тайпасында жайгашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан