Өлкөгө коронавирус инфекциясын дарылоочу дары-дармектер август айында келери күтүлүүдө

Өлкөгө август айында коронавирустук инфекцияны дарылоо үчүн дары-дармектердин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармектер жана медициналык жабдыктар департаментинен билдиришкен.

"Июль айынын аягында жана август айында коронавирустук инфекцияга каршы колдонулуучу дары-дармектердин тизмесинен 37 аталыштагы препараттар (Гепарин, Эноксапарин, Надропарин, Цефепим, Азитромицин жана башкалар) импорттолот. 784 миң 988 таңгактагы дары-дармектер Индия, Кытай, Орусия, Беларусь, Украина, Грузия, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн алып келинет", - деп айтылат маалыматта.

Пандемия башталгандан кийин бир катар өлкөлөр дары-дармектердин экспортуна тыюу салган. Европа Биримдиги өз өлкөсүнөн тышкары дары-дармек каражаттарын коммерциялык экспорттоого тыюу салды. Ошентип ушул жылдын 25-мартынан тартып Кыргыз өлкөсүнө дары-дармектерди экспорттоо татаалдашты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ZUXRIDDIN20
2020-07-23 09:12:36
Россияда чыккан вакцина качан келет экен.
0
Agayu
2020-07-23 09:42:29
Экинчи толкунуна даярдана бергиле деп Боронов борчулдайт ,билип тургансып, эмне дагы бирө Летучая мышь жэйби по заказу жэ специально чачышабы ?.Логиканы да чаташтырып жибериштиго булар .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан