Бүгүн, 28-сентябрда Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Анда ага "Компенсациясын ала албай жүргөн бир топ медицина кызматкерлери кайрылып жатышат. Кокус экинчи толкун болуп кетсе, алар жумушка чыкпай коёт деген коркунуч жаралбайбы?" деген суроо берилди.
Министрдин орун басары: "Бул боюнча токтом чыгып, компенсациялар берилген. Бул маселе бүгүнкү күнү каралып жатат. Ар бир учур мекемесинде изилдөөлөр жүрүп, тийиштүү документтер келиши керек. Тыкыр текшерүүдөн өтөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинде комиссия түзүлгөн, ал жакка 1 жарым миңден ашык документ түшкөн. Анын баарын карап жатабыз", - деди.