Бүгүн Түштүк Кореядан 12 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келишти

Бүгүн, 10-июнда Түштүк Кореядан 12 Кыргыз жараны Бишкекке кайтып келди. Алардын өлкөгө кайтуусуна Казакстан көмөк көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мекендештер чартердик учак менен Казакстандын Алматы шаарына келишти. Андан кийин атайын транспорт менен Бишкекке алып келинди. Өлкөгө кайтып келген жарандар обсервацияга жаткырылды.

Учурда чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча бардык иш-аракеттер көрүлүүдө деп кошумчалашты министрликтин маалымат кызматынан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан