Улуу Британиянын Улуттук статистикалык кызматы 2020-жылдын июнь жана июль айларында британиялыктар сасык тумоодон каза болгондордун саны коронавирус инфекциясынан каза болгондорго салыштырмалуу көп болгонун билдирген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 19-июндан 31-июлга чейин сасык тумоо жана суук тийүүдөн 6 миң 626 адам (COVID-19га тиешеси жок) кайтыш болсо, ал эми коронавирус инфекциясынан 2 миң 992 бейтап каза болгон.
Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери аталган өлкөдө 313 миң 798 адам илдетке кабылса, 46 миң 706 адам каза болгон.