Таласта коронавирус жуктуруп алган жаран блокпостто жана обсервацияда иштеген. Ал облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери

Бүгүн, 10-июнга карата Талас облусунда коронавирус бир медицина кызматкеринен аныкталды. Илдет аныкталган ак халатчан Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштейт. Маалыматты SUPER.KG порталына аталган медициналык мекеменин жетекчиси Айжамал Шамбетова ырастады.

"Инфекция аныкталган кызматкер биздин ооруканада иштейт. Ал тууралуу кеңири маалымат бере албайм. Андан кайталанып алынган тесттин жыйынтыгы оорунун бар экенин тастыктады. Мындан улам кечээ, 9-июнда бейтапкананын 120дан ашуун кызматкери тест тапшырышты. Мекеме бейтаптарды кабыл алууну токтотуп, дезинфекция иштери түндө дагы жүргүзүлдү. Бүгүн, 10-июнда медициналык мекеме штаттык режимде иштеп, жарандарды кабыл алып жатат.

Ал эми вирус аныкталган кызматкер дарыланууга жөнөтүлдү. Ал илдетти кандай шартта жуктуруп алганы белгисиз", - деди мекеменин жетекчиси.

Коронавирус аныкталган дарыгер боюнча Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынын өкүлү Эльмира Мадиева билдирүү калтырды.

"Акыйкатчынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн берген маалыматы боюнча, илдет аныкталган медицина кызматкери өзгөчө кырдаал учурунда обсервацияда жана блокпостто иштеген. Ал 7-июнда өзүн жаман сезип, дене табы көтөрүлгөн. Андан алынган ПЦР-анализ 9-июнда Бишкек шаарына жөнөтүлгөн. Аны менен иштеген кесиптештеринен алынган анализдин жыйынтыгы "таза" чыкты", - деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөдө инфекция аныкталган күндөн тартып, тагыраагы дээрлик 3 айдан бери бүгүнкү күнгө чейин Талас облусунда ооругандар катталган эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarmat92
2020-06-10 11:41:51
Жапкыла постту сука
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан