АКШ Европадан келген каттамдарды кабыл алууну 1 айга токтотот

13-марттан тарта Европадан АКШга болгон сапарлардын баары 1 айга токтойт. Бул тууралуу президент Дональд Трамп коронавирустун жайылышына байланыштуу жарандарына кайрылып жатып билдирген деп жазат чет элдик басылмалар.
Европа өлкөлөрүнүн жарандары үчүн кошмо штаттар 30 күнгө жабык болот. Бирок ошол эле маалда Трамп мындай чектөө Улуу Британияга тиешелүү эмес экенин белгилеген.
"Жарандардан тышкары Европадан келүүчү оор жүктөрдүн жана башка буюмдардын киргизилишине тыюу салынат. Мындай чаралар АКШда коронавирусту жуктурган жаңы учурлар катталбашы үчүн жасалып жатат. Бирок америкалыктар үчүн чектөө коюлбайт. Анткени алар тийиштүү текшерүүдөн өтүп турат", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматта АКШ президенти Кытай Эл Республикасындагы жана Корея Республикасындагы абалга жараша алардын жарандарына кирүү чектөөсү эртерээк алып салынышы мүмкүн экендигин айткан.
Учурда АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1200дөн ашып, 37 адам каза болду. Дүйнөдө бул илдетти жуктуруп алгандар 126 миңге жетти.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан