Бишкек шаарындагы коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн жалпы суммасы 40 миң сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.
"1-июндан тартып Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан коомдук транспорттун айдоочуларына санитардык эрежелерди бузуу боюнча 40 миң сомдон ашык айып пул салынды. Бирок муну менен чектелбейбиз. Биздин максат айып пул салуу эмес. Биздин максатыбыз вирусту жеңүү. Ошол үчүн биз ушундай иш-аракеттерге барганга аргасыз болуп жатабыз", - деди Алымкулов.