Бүгүн Ысык-Көл облусунда коронавирус аныкталган үч тургундун кайсы аймактын тургундары экени айтылды

Ысык-Көл облусу боюнча бүгүн коронавирус инфекциясы аныкталган үч тургун Балыкчы шаарына жакын жердеги Орто-Токой өрөөнүндө катталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.

"Бүгүнкү күнгө Ысык-Көл облусунда коронавирус аныкталган үч адам Балыкчы шаарына жакын жердеги Орто-Токой өрөөнүндө катталды. Азыркы учурда алар кандай шартта бул ооруну жуктуруп алгандыгы аныкталып жатат.

Муну менен Ысык-Көл облусу боюнча коронавирус инфекциясы жалпы 25 адамдан аныкталды. 405 үй-бүлө азыркы учурда үй көзөмөлүндө турат жана 112 жараныбыз обсервацияда жатышат. Коронавирус инфекциясына каршы жана аны андан ары жайылтпоо боюнча март айынан бери катуу иштерди алып барып жатабыз жана ал иштер дагы уланат", - деди Усенова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан