Өткөн суткада Кытайда коронавирус 15 адамдан аныкталды. Анын ичинен 4 бейтапта оорунун белгилери байкалбай өтүп жатканы белгилүү болду. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитети бир суткада 5 бейтап айыгып чыкканын кабарлады деп жазышат чет элдик басылмалар.