Индияда акыркы бир сутка ичинде 9 миң 996 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен аталган өлкөдө жалпы 286 миң 579 адам илдетти жуктуруп алган. Бул тууралуу Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Индия дүйнө жүзүндөгү коронавирус көп катталган өлкөлөрдүн ичинен 5-орунга чыкты. Бул көрсөткүч менен Испания жана Италия өлкөлөрүн ашып өттү. Кечээ, 10-июнда илдеттен жабыркаган адамдардын саны 276 миң 583 болсо, бир сутка ичинде бул көрсөткүч дээрлик 9 миң 996 адамга көбөйүп, жалпы сан 286 миң 579га жетти.
Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 137 миң 448 адам дарылануудан өтүп жатат. Айыккандардын саны 141 миң 28, ал эми каза болгондордун саны 8 миң 102 (бир суткада 357 адам каза болду).
Вирус эң көп катталган штаттардын бири Махараштра (94 миң 41 адам вирус менен жабыркап жатат), экинчи орунда Тамиланд штаты (36 миң 841 адам), үчүнчү орунда Дели шаары (32 миң 810 адам).
Буга чейин бийлик өкүлдөрү коронавирус аз катталган аймактарда карантиндин шарттарын жеңилдетүүгө уруксат берген. 8-июндан баштап диний мекемелер, мейманканалар, ресторан жана соода борборлорунун ишмердүүлүгү жанданган. Ал эми вирус көп катталып жаткан аймактарда карантиндин режими 30-июнга чейин узартылган.