Боронов: "Демөөрчүлөрдөн түшкөн акчаны мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жана коомдун өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия бөлүштүрөт"

"Мажбур түрдө эс алуу күндөрүн алган бюджеттик уюмдардын кызматкерлери айлык акыларын алышат. Жеке компаниялар дагы мыйзамга ылайык, мажбур түрдө эс алуу күндөрүн алган жумушчуларына төлөмдөрдү караштырууга тийиш. Анын үстүнө өкмөт аларга насыялар, салыктар жана башка маселелер боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдырып, жеңилдиктерди берет", - деди бүгүн, 28-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Ал ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, ага онлайн режиминде өкмөттүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты.

Анда Боронов демөөрчүлөрдөн түшкөн бардык каражаттар Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын эсебинде тургандыгын белгиледи. Анын маалыматы боюнча, каражаттарды курамына мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдун өкүлдөрү кирген атайын комиссия бөлүштүрөт. Чыгымдар, сарпталган ар бир сом үчүн отчёт берилет. Бүгүнкү күнү тынчсызданууга себеп жок.

Кеңешмеде республиканын облустарындагы эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар топтому талкууланды.

Тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун таркашынын алдын алуу тапшырмалары боюнча жасалган иштер жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти.

«Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар окуянын ар түрдүү өнүгүшүнө даяр болуп, келип чыккан маселелерди ыкчам чечүүгө тийиш. Бардык көйгөйлөр кечиктирилбестен чечилүүсү кажет. Жарандардын коопсуздугу үчүн биз мамлекеттик органдардын бардык күчтөрүн жана мүмкүндүктөрүн жумшап жатабыз», – деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр укук коргоо органдары жарандардын жүрүү агымын болушунча азайтуусу керектигин дагы бир ирет эскертти. Адамдардын саламаттыгын сактоо чаралары көрүлбөсө, анын кесепети кейиштүү болушу мүмкүн.

«Кырдаалдын олуттуулугун жарандар өздөрү да түшүнүүлөрү абзел. Инфекциянын жайылуусун токтотуу үчүн ар бирибиз белгиленген эрежелерди сактап, сунуштарды карманууга тийишпиз. Өзгөчө зарылдык болбосо, жашоочулар үйлөрүнөн чыгышпасын», – деди Боронов.

Ал киргизилген чектөө чаралары жарандарга белгилүү бир оңтойсуздуктарды жаратып жатканын кошумчалады, бирок бул кадамдар калктын коопсуздугу үчүн жасалууда.

Ошол эле учурда биринчи вице-премьер-министр азык-түлүк, медициналык товарларды ташууну, жүк ташууларды жана почта кызматтарын үзгүлтүксүз ишке ашыруу максатында жүк ташуулардын тоскоолдуксуз жүргүзүлүшү үчүн тармактык мамлекеттик органдарга аракеттешүү керектигин баса белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө режим учурунда азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар жана медициналык мекемелер күндүз иштей турганын айтты. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери өз аймактарында азык-түлүк жана дары-дармектер менен камсыздоо үчүн ушул чөйрөлөр үчүн жооптуу тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун башчылары менен бирге жеке жоопкерчилик тартат.

Жыйындын катышуучуларына маалымдашкандай, түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен өкмөт калктын социалдык жактан аярлуу катмарына азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүүгө даярдык көрүүдө, жакын арада таркатуу башталат.

Жыйындын жүрүшүндө коронавирустун мындан ары жайылуу коркунучун эске алуу менен 7-апрелде белгилене турган Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына карата уюштурулчу иш-чараларды башка учурга жылдыруу сунушу айтылды.

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу тапшырмасы берилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
madina.87
2020-03-28 20:12:55
Сактап отура бергиле,элдер өздөрүнө өздөрү демөөрчү болуп,дезинфекция кылып жатышат айылдарды.Силер басып жата тургула,көбөйсө,коронавирус бүткөндө бөлүп аласыңар!!!
+8
cholpon119966
2020-03-28 20:27:59
Депутаттар кошулбаса боло албай каласынар да...
+4
nnn.sss
2020-03-28 20:49:29
Только депутаттар эмес
+4
ika8086
2020-03-28 21:57:24
прямой эфир аркылуу болуштурулсун
+5
bond0202
2020-03-28 22:47:51
кандай болсо да бир айласын табышат
+5
Aikaaaa
2020-03-29 11:14:57
Анан канчадан тиймей болду, жергиликтүү бийликти да кошуптурсуңар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан