Италиянын Калабрия аймагындагы Чинкуэфронди коммунасынын бийлик өкүлдөрү муниципалитеттин үйлөрүн бир еврого сатып алууга мүмкүн болгон программаны ишке киргизишүүдө. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка караганда, мындай программалар жаштарды чоң шаарлардан чакан шаарларга тартуу болгон. Мындан улам Чинкуэфронди коммунасындагы үйлөр жеңилдетилген баада, тактап айтканда, 1 еврого сатыла баштады. Мындан тышкары сатып алуучу 250 евро атайын алым төлөшү керек.
Үйлөрдү сатып алган кардарларга бир гана талап 3 жыл ичинде алган үйлөрүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүсү зарыл. Эгерде бул шарт аткарылбаса, үйдүн ээсине 20 миң евро өлчөмүндө айып пул салынмакчы.
Чинкуэфронди коммунасынын дагы бир өзгөчөлүгү дүйнөнүн ар бир булуң бурчуна жеткен коронавирус пандемиясы бул аймакта катталган эмес.
Буга чейин жыл башында Италиянын Бизачча коммунасында үйлөр 1 еврого сатуу иштери жүргөн.