Улуу Британияда карантин эрежелерин бузгандарга айып пулдун жаңы түрү салынат

Улуу Британияда карантин эрежелерин бузгандарга жаңы айып пул салынат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө коронавирус пандемиясында абал начарлап бара жаткандыгына байланыштуу карантин эрежелерин бузган жарандарга айып пулдун жаңы түрү салына баштайт.

"Кийинки аптадан баштап карантин эрежелерин бузуп, тактап айтканда үй шартында кечелерди өткөргөндөргө 6 миң 400 фунт өлчөмүндө (46 миң 377 сомдун айланасында) айып пул салынат. Ошондой эле үйдө, кечелерге мыйзамсыз чогулган адамдарга да айып пул салуу каралган", - деген Улуу Британиянын Ички иштер министри Прити Пател.

Буга чейин аталган өлкөдө карантин эрежелерин бузгандарга ар түрдүү өлчөмдө айып пул салынып келген.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Улуу Британияда катталган коронавурустун жаңы жугуштуу түрү 60 өлкөгө жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан