Бүгүн, 18-мартта өкмөт үйүндө Кыргыз өлкөсүндө катталган коронавирус боюнча маалымат жыйын өттү. Соңку сааттардагы абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат берип, кырдаал туруктуу, чочулоого себеп жок деп билдирди.
Мындан улам SUPER.KG порталы мекеме өкүлүнө өлкөдөгү реанимациялык аппараттардын так санын сурап, суроо узатты. Ал суроого так жооп бере алган жок.
"Бүгүнкү күндө реанимациялык аппараттардын так санын айта албайм. Өзүм жеке алдын алуу иштерин алып барып жатам. Мага жеткен маалыматтар боюнча жетиштүү аппарат бар. Бирок оору көбөйүп кетсе, албетте, аппараттар керек болот.
Ошондуктан биз Бүткүл дүйнөлүк банкка кайрылсак, алар 8 миллион доллар жардам беребиз дешти. Албетте, бул аз акча эмес. Аларга дагы 200гө жакын аппарат алып берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз, алар макул болушкан. Бул келишим документине эртең, бүгүн кол коюлмак, ага кол коюлса, биз аппараттарды алабыз", - деп жооп берди ал.