Бириккен Араб Эмирлигинен 187 жаран мекенге учуп келди

Бүгүн, 11-июнда "Манас" эл аралык аэропорту Дубай-Бишкек авиамаршруту боюнча "Fly Dubai" авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды.

Каттам менен Кыргыз өлкөсүнө 187 жаран, анын ичинде балдар кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышынан, чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, президент жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират тарабынан жетишилген сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылды.

Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыкты.

Азыркы учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан