Индияда бир сутка ичинде COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 11 миң 400гө жетти. Муну менен аталган өлкөдө жугуштуу вирус жалпы 308 миң 916 адамдан аныкталган. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмаларда жазылды.
Ага ылайык, вирус аныкталгандардын ичинен 147 миң 194 бейтап оорудан сакайса, тилекке каршы, 8 миң 884 жаран көз жумган. Мындай көрсөткүч менен Индия АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтында жарыяланган рейтингде 4-орунга чыкты.
Вирус эң көп катталган штаттардын бири Махараштра (101 миң 141 адам вирус менен жабыркап жатат), экинчи орунда Тамиланд штаты (40 миң 698 адам), үчүнчү орунда Дели шаары (36 миң 824 адам).
Буга чейин Индиянын бийлик өкүлдөрү коронавирус аз катталган аймактарда карантиндин шарттарын жеңилдетүүгө уруксат берген. 8-июндан баштап диний мекемелер, мейманканалар, ресторан жана соода борборлорунун ишмердүүлүгү жанданган. Ал эми вирус көп катталып жаткан аймактарда карантин режими 30-июнга чейин узартылган.