"Орозо айында соопчулук иштерди кылыңыздар". Ош шаарынын мэри үй ээлерин батир акысын албай турууга чакырды

Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди. Жыйын учурунда шаар мэрине 3 баласы менен батирде турган жаран үй ээси батир акысын төлөбөсө, үйдү бошотуп койгула деп жатканын, балдары менен барганга жери жок экенин айтып, жардам сурады.

"Өткөндө дагы мындай суроолор көп болгон. Биз атайын кайрылганбыз. Азыр улуу орозо айында турабыз. Көптөгөн биздин жакшы жарандарыбыз соопчулук иштерди кылып, элдерге жардам берип келе жатат. Улуу күндө үй ээси ушундай иш кылып жаткан болсо, абдан туура эмес иш кылып жатыптыр. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетсем, жалпы Ош шаарындагы батир ээлери, батирде жашап жаткан жарандарыбызга жакшы мамиле жасап, колдон келсе соопчулук кылсаңыздар. Эгер сизге ошончолук акча керек болсо, ушул үч баласы бар жаран үчүн биз сизге жардам берели", - деди Сарыбашов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ruslan73
2020-05-01 21:24:10
Оштун меои азамат экен. Бишкектин мерин да айтып койсонуздар. Биздин балдар мартта келген, бирок ай сайын кварплата толоп жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан