Муфтият: "Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт"

Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкөдө коронавирус жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 31-июлдагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз.

Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйдөн курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Курман айт майрамы 31-июлда белгиленери кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан