Орусиянын 82 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы жалпы 8 миң 248 адамдан аныкталды. 193 адам каза болсо, 9 миң 767 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 416;
Москва облусунда - 694;
Иркутск облусунда - 319;
Санкт-Петербург шаарында - 234 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 545 миң 458 адамдан коронавирус аныкталды. 7 миң 284 адам каза болсо, 294 миң 306 бейтап айыгып чыкты.