"Ухан вирусу": Күнүнө 100 миңден ашык бейтапка көбөйүүдө. Дүйнөдө ооруну жугузгандар 8 миллион 241 миңден ашты

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны 8 миллион 241 миң 16 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Ага ылайык, инфекцияга кабылгандардын ичинен 444 миң 865и анын курмандыгы болгон. 4 миллион 297 миң 954 бейтап ооруну жеңип чыккан.

Дүйнө жүзү боюнча оору АКШда эң көп жайылган, анда инфекцияны жугузуп алгандардын саны 2 миллион 206 миң 729га жетти. Кийинки сапка 923 миң 189 бейтап менен Бразилия, 545 миң 458 ооруну жугузган адамдар менен Орусия кирет. Кийинки катарда Индия, Улуу Британия, Испания, Италия бар.

Айта кетсек, коронавирус жугузгандар күнүнө дүйнө жүзү боюнча 100 миңден ашыкка көбөйө баштады. Кечээ бул көрсөткүч 8 миллион 112 миң 577 адам болсо, 15-июнга карата оору жугузгандардын саны 7 миллион 961 миң 254 болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан