Кытайдын Ухан шаарындагы медициналык адистери коронавирус инфекциясы күчөп жаткан борбор шаар Пекинге өлкө бийлиги тарабынан жардамга жөнөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясы, эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууга жардам берүү үчүн коронавирус менен күрөшүү боюнча тажрыйбасы бар дарыгерлерди Пекинге жибергендигин билдирди. Бардык адистер Ухандагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө мыкты тажрыйбага ээ.
Эскерте кетсек, буга чейин Пекин шаарындагы "Синфади" аттуу ири дүң соода базарында коронавирус инфекциясы күчөгөндүктөн, жергиликтүү бийлик шаардагы 11 базарды жаап, мектептердеги сабак окуу токтотулган.