Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды. Маалыматты бүгүн, 18-июнда анын басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди деп жазышат казак басылмалары.

"Учурда Нурсултан Назарбаев өзүн-өзү изоляцияга алды. Ал акыркы жолу тапшырган тесттин жыйынтыгы коронавирус илдети бар экенин тастыктады. Ал үчүн кабатыр болууга себеп жок. Назарбаев аралыктан иштөөнү улантат", - деп айтылат маалыматта.

Коңшу Казакстанда бүгүн, 18-июнь саат 13:00гө карата коронавирус менен ооругандардын саны 15 миң 877ге жетсе, 9 миң 902си айыкты. Каза болгондор 100гө жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Farra16gsin
2020-06-18 13:22:17
Эми эмне болот?
-4
Krai
2020-06-18 14:00:13
Чал жеңип, айыгып чыксын эми
+3
erlan2196
2020-06-18 14:30:27
Улгайган адамды бул вирус жон койчу эмес эле. Сокеге качан жугат я?
+1
Belek1710
2020-06-18 16:14:48
Жакшы киши, айыгып чыксын!
+8
ainura220888
2020-06-18 16:54:22
Биздин депутатарга жукбайт. Аларды балее да тегеренип отсо керек
+3
Suimenkul
2020-06-18 23:11:21
ainura220888,алардан балээ жийиркентет
+2
0001KG
2020-06-18 20:04:22
Буга окшогон жүзгө жакныдап калган карыяларга бат жугатта себеби алардын денеси сезимдери алсыз болуп, көтөрө албай калган. Кудай сактасын. Бул шалда айыгып кетсин баурлардын бактысына)).
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан