АКШнын жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси дүйнөдө коронавирус пандемиясы эми гана башталып жатканын айтты

Дүйнө эли дагы деле коронавирус пандемиясынын баштапкы баскычында турат. Бул тууралуу АКШнын жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси жана аталган өлкөнүн коронавирустук жумушчу тобунун башкы эксперти Энтони Фаучи италиялык басылмага берген маегинде айткан.

"Биз Бразилияда, Түштүк Африкада жана азыр Азияда коронавирус инфекциясы күч алганын байкап жатабыз. Демек, биз алсыздабай эле тескерисинче күчөй турган глобалдык пандемиянын башталышында турабыз", - деген Фаучи.

Анын айтымында, эгерде дүйнө өлкөлөрү пандемияны алдын алуу үчүн тезинен макулдашылган чараларды көрбөсө, коронавирус дагы бир нече ай бою өтө тездик менен жайылат.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 12 миллион 810 миң 232 адамдан коронавирус аныкталды. 550 миң 440 адам каза болсо, 6 миллион 639 миң 503 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
molorbaev
2020-07-09 20:50:28
Эмне деген шумдук. Жараткан озу сактаса экен.
+14
KalenAlmaz
2020-07-09 21:09:50
Кыргызстанда 60 процентти ооруп жатат уйдо.Ар бир адамга жугуп сакаймайынча бул апаат жоголбойт.Ден соолугу начар же онокот оорулары бар жарандар соссуз турдо озуно озу карантин киргизуу керек.
+4
nurali1989
2020-07-09 21:13:32
Кантсе да абайлайлы. Бир ооруп айыкан адам, кайра оорубайт деп эч ким айта албайт.
+8
Araika
2020-07-09 21:19:32
Аллахым сактасын!!! Тез эле бутуп кетсин, элибиз кыйналбай, кайрадан жай турмушуна кайтып келсин амиинь!
+12
AidaKurman
2020-07-09 22:05:37
Урматтуу Энтони байке, биз улуу Кыргыз элинде илгертен бери келаткан жакшыыы бир соз бар,капа болбосонуз айтып отсом ООЗУНУЗГА ТАШ.!!!! Буйруса баары жакшы болот. Баары жараткан Алланын буйругу менен.
+21
Shorobashat
2020-07-09 22:08:22
Оозуна кара таш ошо Энтонинин
+9
Jibakana
2020-07-09 22:39:54
Запарили ушу окумуштуулар......
0
rola
2020-07-09 22:53:36
Кудай сактасын.Женил эле отуп кетсинчи.
+4
Nursul
2020-07-10 12:06:40
Ушулар з....л баары эле көзү ачык болуп алышты
-1
Kg.paren
2020-07-10 14:13:08
Аллага ишенгиле
+3
dangerouskg94
2020-07-10 20:22:53
Kg.paren,темирчилерге ишен дейтко биролор
0
Boroev
2020-07-10 20:44:25
Ар бир нерсенин он жана терс жагы бар, балким айткан создору тууадыр, эгер Кыргызым дагы деле той топурга барып кочодо кенири журсо, бул байкебиздин айтканы тууру болуп чыгат, эч кандай коопсуздукту колдонбой жатабыз сиз сактансаныз биз сактансак алар сактанса эчким оорумак эмес да туурабы?
0
Hanzada.sabih
2020-07-26 15:46:05
Биздин айткандарыбызды жасап,бизге баш ийбесе озубуз чачабыз эле дешсинда(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан