Бишкекте бир үй-бүлөдөн үч адам коронавирус жуктуруп алган (видео)

Бишкекте бир үй-бүлөдөн үч адам коронавирус жуктуруп алып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдап, ал бейтаптын илдет жөнүндө баяндаган видеосун жарыялашкан.

Видео шаардагы №6 шаардык клиникалык ооруканасында тартылганы айтылат. Андагы жаран өзүнөн жана үй-бүлө мүчөлөрүнөн вирус аныкталганын айтып, "көрсө, вирус жок эмес, бар экен" деген оюн билдирген. Мындан тышкары ал оорукананын шарттары менен тааныштырган.

18-июнга карата өлкө боюнча коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 2 миң 657 адамга жетти. Айыккандардын саны 1 миң 933 адамды түзсө, вирустан улам көз жумгандар 31 адам болду.

Бишкектеги №6 шаардык клиникалык ооруканасында коронавирус жуктуруп алган жаран оорукананын шарттары менен тааныштырды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан