Өлкөдө өзгөчө кырдаалдын шарттары алынгандан кийин жаштар "эркиндикке чыктык" дешти. Эл көчөгө себепсиз чыга баштады, бирок санитардык нормаларды сактабагандар болду. Мындан улам эпидемиологиялык абал курчуп, карантиндик чектөөлөр кайрадан киргизилди дейт премьер-министр Кубатбек Боронов. Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн, 2-июлда брифинг учурунда айтты.
"Борбор калаадагы карантиндик чектөөлөрдү күчөттүк. Ага ылайык, коомдук транспорттор иш күндөрү эртең менен жана кечинде гана каттамга чыгат. Эс алуу күндөрү каттамдар ишке ашырылбайт. Азырынча базарлардын дем алыш күндөрү иштөөсүнө чектөө киргизе элекпиз. Бирок бул маселе каралып жатат, сиздерге маалымат берилет", - дейт ал.