Орусиянын билим берүү жайларында окуп жаткан студенттер 17-июнда өлкөгө кайтып келишти. Алар үчүн Казань-Бишкек багытындагы чартердик каттам уюштурулганын Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, аталган каттам менен Бишкекке 172 Кыргыз жараны кайтып келген. Анын ичинен 167си Орусиянын окуу жайларында (Казань, Москва, Барнаул, Томск, Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону, Псков, Пенза, Уфа жана башка шаар, облустардагы окуу жайлар) билим алып жаткандар. Калган 15 жаран 2 жашка чейинки наристелери бар энелер, улгайгандар жана башка категорияга кирет.
"Өлкөгө кайтууну каалаган мекендештердин саны 7 миңден ашуун. Биздеги маалымат боюнча, 4 миңдей кыргыз студенти Орусиянын аймагында билим алышат. Жакынкы күндөрү калган студенттерди өлкөгө кайтаруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.