Эртең, 10-майда АКШда өтчү UFC 249 турнирине катыша турган бразилиялык 40 жаштагы мушкер Роналду Соузадан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган Роналду Соуза ямайкалык 35 жаштагы мушкер Юрая Холлго каршы беттешмек. Бул эки мушкердин беттеши жокко чыгарылды.
"Сиз менен болчу беттеш жокко чыгарылгандыктан, мен турнирге катыша албай калдым. Сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө тезирээк сакайып кетүүнү каалайм", - деп билдирген ямайкалык мушкер.
UFC 249 турнири АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында болот. Турнир 10-май күнү саат 06:00дө (Бишкек убактысы боюнча) башталат.