Ысык-Көл облусунда туристтерди кабыл алуу жайларынын ээлери санитардык нормаларга тийиштүү болгон 12 талапты аткаруусу керек. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Осмоналиевдин айтымында, облуста туристтик мезгилге болгон даярдыктар, анын ичинде келгендердин коопсуздугун сактоо боюнча иштер 1-июндан тарта жасала баштаган.
"Санитардык нормаларды аткаруу боюнча өкмөттүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин талаптары иштелип чыккан. Ал талаптардын негизинде облустун аймагындагы бардык санаторий, пансионат, эс алуу жана конок үйлөрүнүн ээлерин чакырып, окуудан өткөрдүк. Презентация жүргүздүк. Окууга келбеген бир дагы санаторий же пансионат жетекчилиги болгон жок. Анда жогоруда айтылган 12 талап боюнча окуулар жүргүзүлдү", - деди Осмоналиев.