Премьер-министр: "Коронавирус инфекциясы боюнча кырдаал начарлашы мүмкүн, ага карата даярдыкты күчөтүүнү камсыз кылуу шарт"

Коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн, ага карата даярдыкты күчөтүүнү камсыз кылуу шарт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлагандай, ал кечээ Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы отуруму болгонун айтты.

"Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Коопсуздук кеңешинин отурумунда белгиленгендей, дагы бир жолу белгилей кетким келет, облус жетекчилери өзүңөргө тийиштүү аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчилигиңер бар. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат. Коопсуздук кеңешинин бардык тапшырмалары, чечимдери сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы керек. Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү жүзөгө ашырууга тийиш, бул медициналык мекемелерде бейтаптардын санынын көбөйүшүн эске алуу менен экономикалык ишмердүүлүктөгү ар кыл багыттардын ишине даярдык көрүлүүгө тийиш", - деди Кубатбек Боронов. Өкмөт башчы баса белгилегендей, 118 кызматынын дараметин күчөтүү зарыл.

"Коомчулук тарабынан бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразычылыктар түшүүдө. Эгерде жаран колл-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Колл-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кызматтын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет", - деди ал.

Премьер-министр мамлекеттик лабораториялар анализдер кыска убакыттын ичинде чыгышы үчүн күнү-түнү иштөө режимине өтүүгө тийиштигин айтты. Мындан тышкары менчик лабораториялар тарабынан COVID-19га анализ алуу маселесин иштеп чыгуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө аярлуу жарандарды сезондук сасык тумоого эмдөө, медицина кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу, коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн медициналык мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу, телемедицинаны өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кубатбек Боронов калк кызмат көрсөтүүлөрдү үйүнөн чыкпай, аралыктан алуусу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле мамлекеттик органдарга, менчик уюмдарга аралыктан иштөө режимине өтүп, социалдык обочолонуу эрежелерин сактоо сунушталарын белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ZUXRIDDIN20
2020-06-20 10:58:42
Эх кандай заманга калдык
+4
vikidiki
2020-06-20 11:15:41
Ошондо эмне деп атат? Кайра карантинби?
+4
tilek121277
2020-06-20 14:12:32
vikidiki,ошону айталбай убара жок эле нерсени арамкорлого кобойгону чонтогуно акча тушкогу
0
Milduri
2020-06-20 15:31:36
Июнь айынын соңуна чейин 4900 гө жеткиришибиз керек кандай гана болбосун деп атабы
0
shirinai
2020-06-20 16:37:29
Элибиздин нерви жукарып буткон. Эч бир жакшы коммент жок го. Алланын буйруганын коробуз
0
Kuban-1207
2020-06-20 17:04:00
Буйруктан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан