Бүгүн, 8-апрелде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Жеңишбек Жоробеков маалымат жыйын берди.
Ал облуста абал туруктуу экенин билдирди.
"Урматтуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары, мыйзамды сактап, коомдук жайларга чыкпашыңыздарды суранабыз. Коменданттык саат башталган убакта үйүңүздөрдө болушуңуздарды суранабыз. Сиздер эрежелерди так аткарсаңыздар, биз бул кырдаалдан бат чыгаарыбызга ишенем", - деди Жоробеков
Коменданттык саат кирген Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда 450 миңге чукул адам жашайт.
"Социалдык фонд тарабынан пенсия, айлык маяналар почта кызматкерлери аркылуу үйлөргө жеткирилип берилет. Эгер сиз карточка аркылуу алып жүрсөңүз анда Социалдык фондго арыз менен кайрылсаңыз болот" - деп айтты комендант
"Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы каттамдар токтотулган. Жүк ташуучу унаалар гана өткөрүлөт. Мүмкүн болсо каттабай турууңуздарды суранат элем. Көп тоскоолдуктарга дуушар болосуздар", - деп айтты комендант.
Жалал-Абаддагы Спутник аймагындагы жарандар коменданттык саат эрежелерин сактабай жаткандыктан, аталган аймакта тартип күчөтүлөөрүн айтты Жеңишбек Жоробеков.
Облус аймагында жасалма өткөрмө кагазын колдонуп кармалган үч окуя катталган
"Жалпысынан облус аймагында абал туруктуу деп эсептейм" - деп билдирди Жоробеков.