Коронавирус өлкөдө дагы 3 адамдын өмүрүн алды, экөө 68 жашта, бири 60 жашта болгон

Өлкөдө коронавирус илдети дагы 3 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифинг учурунда билдирди.

Муну менен өлкөгө коронавирус келгенден бери 40 адам көз жумду.

Алардын бири Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасында дарыланып жаткан 68 жаштагы аял киши.

Дагы бир бейтап Талас аймактык ооруканасында дарыланып жаткан 68 жаштагы эркек киши болгон. Үчүнчүсү Ноокен аймактык ооруканасынан 60 жаштагы аял киши көз жумду.

Жогорку Кеңештин эки депутаты коронавирус жуктуруп алды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ZUXRIDDIN20
2020-06-22 10:28:29
Таласта вирус чыкканыга эми бир апта болду элего уже каза таптыбы?
+3
Krai
2020-06-22 10:34:12
ZUXRIDDIN20, ооба Талас облусунда жакында эле официалдуу катталган болчу. Бирок иш жүзүндө Таласта мурда эле катталганын далилдеп койду
+4
tilek121277
2020-06-23 00:31:11
Койгулачы озунун жаны менен менен каза болгондорду да коронавируска чыгарбай уялсанар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан