Интернет желесинде Алматыда коронавирус тарап жатат деп чоочулагандар болууда. Бул билдирүүлөрдөн кийин Казакстан расмий билдирүү жасап, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухан шаарынан тараган коронавирус учурда кулач жайып, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө жетти. Буга байланыштуу бир катар мамлекеттер вирусту жугузуп албоо үчүн чектөөлөрдү, окууларды киргизүүдө. Алардын катарында Кыргыз өлкөсүнө коңшу мамлекет Казакстан бүгүн, 24-январда атайын окуу өткөрдү.
Алматыдагы эл аралык аэропортто санитардык-карантиндик пунктунун кызматкерлери жана Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугунун сапатын көзөмөлдөө департаментинин кызматкерлери окуудан өтүштү.
Алар "вирус жугузуп алгандарды" тосуп алып, кабыл алып, андан кийин медициналык жайга чейин жеткирүү, медициналык кароо жана дарылоо жолдору кандай болорун практика түрүндө аткарып көрүштү.
"Бул иш-чара алдын алуу жана вирусту өлкө аймагына тарап кетпешине жол бербөө үчүн жүргүзүлүп жатат. Алматыдагы медициналык кызматтардын жана мекемелердин санитардык-эпидемиологиялык даярдыктарына баа берилди", - деп жазылат маалыматта.
Коронавирустун күч алганына байланыштуу Казакстанда санитардык көзөмөл күчөтүлгөн.
24-январга карата алынган маалыматтарга ылайык, жугуштуу вирус менен жапа чеккен адамдардын саны 830га жетсе, каза болгондордун саны 26га жеткенин чет элдик басылмалар жазышууда.