Бүгүнкү күнгө карата Чүйдө коронавирус менен ооругандар 41 киши болсо, алардын ичинен 8и медицина кызматкерлери

Чүй облусу боюнча пандемияга байланыштуу кандай иш-чаралар жүрүп жатканы тууралуу бүгүн, 22-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова маалымат жыйын берди.

Анын айтымында, коронавирус башталгандан бери инфекциядан улам Чүй облусунан 6 жаран каза болгон.

"Чүй облусу боюнча коронавирустан 6 киши каза болду. Алар Кемин, Панфилов, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун жашоочулары болгон.

Азыркы тапта коронавирустун оор түрү менен жабыркагандар Чүй облусундагы аймактык ооруканасына жаткырылып жатат. Бүгүнкү күнгө карата COVID-19 менен ооругандар 41 киши болсо, алардын ичинен 8и медицина кызматкери"
, - деди Волкова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан