Кытай бийлик өкүлдөрү Орусия коронавирусту Кытайга импорт кылып жатат деп айыптады. Маалыматтарга караганда, акыркы учурда Кытайда коронавирус менен катталган 409 адам Орусиядан келген. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Кытайдын бийлик өкүлдөрү өзүнүн жарандарына кайсыл жакта болсо, ошол жакта убактылуу калышын эскертет.
Орусия импорт болуп жаткан окуяларды көзөмөлгө ала албаган өлкө болгон үчүн өзү катуу жабыр тартууда. Ооруну жуктуруп келип жаткан адамдардын агымын токтотуп, оорунун экинчи толкунунун болуусуна жол бербешибиз керек", - деп жазылат маалыматта.
Ал учурда Кытай Орусия менен болгон чек араларындагы коргонуу чараларын күчөтүп жатат.