Адилет Султаналиев премьер-министрдин басма сөз катчысы кызматынан кетти

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев кызматынан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-июнда маалымдады.

Султаналиев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткенин белгилеген. Ал 2018-жылдын 30-августунда аталган кызматка дайындалып, жарлыкка мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Айта кетсек, 15-июнда Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчылыктан кетүү боюнча арыз жазып, 16-июнда президент Сооронбай Жээнбеков анын арызын кабыл алган. 17-июнда премьер-министр кызматына вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дайындалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан