Президенттин кеңешчиси Олег Панкратов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Олег Панкратов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бул кызматтан бошотулду.
Ал былтыр июль айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.
Олег Панкратов 1969-жылы 1-январда Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1992-жылы Педагогикалык институтту физика, информатика жана эсептөө техникасы адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүнөн билим алган.
Эмгек жолу:
1999-2006-жылдары “Ишкерлер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы;
2006-2010-жылдары “БизнесПравоИнфо” ишканасынын директору;
2010-2013-жылдары экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
2013-2015-жылдары өкмөт башчынын кеңешчиси, ЕАЭБ жана Бажы биримдиги боюнча адис;
2015-жылдын май айынан ноябрына чейин экономика министри, вице-премьер-министр;
2018-жылдын 20-апрелинен тартып 2019-жылдын май айына чейин экономика министри болуп иштеген.