Коронавирус инфекциясынын очогу болгон коңшу Кытайда акыркы бир сутка ичинде 22 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясы билдирген.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын 9у сырттан келген болсо, 13ү жергиликтүүлөр. Инфекция аныкталган бардык жергиликтүүлөр Пекин шаарында катталган. Ал эми сутка ичинде инфекциядан каза болгондор катталган эмес.
Бул көрсөткүч менен Кытайда жалпы 84 миң 624 адамдан коронавирус аныкталды. 4 миң 639 адам каза болсо, 79 миң 547 бейтап айыгып чыкты.