ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунда жана анын жер-жерлердеги бөлүктөрүндө кызматкерлер коронавирус илдетине каршы туруу, алдын алуу максатында фельдшерлер менен биргеликте ар кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, кошумча сабактар өткөрүлүүдө.
Андан тышкары өлкө аймагында коронавирустун жайылуусуна жол бербөө максатында “Манас” эл аралык аэропорттунун “Семетей” аймагындагы жана Ош шаарындагы аэропортторунда чет өлкөдөн келген жарандарды обочолоп, чек койгон шарттарда байкоо жүргүзүү жайларында коомдук коопсуздукту камсыздоодо полктун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.