Өзбекстанда 239 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 6 миң 901ге жетти. Анын ичинен 4 миң 685 адам илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Жалпы бул оорудан 19 жаран каза болгон.